Калыкбек Султанов Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун ачылышына катышты

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 3-декабрда Ашхабад шаарында болуп, Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун ачылышына катышты. Муну бүгүн, 4-декабрда аталган министрликтен билдиришти. Жалпы узундугу 900 чакырымды түзгөн темир жолду ачууга Казакстан, Түркмөнстан жана Ирандын президенттери катышканы айтылды. Долбоорго 2007-жылы аталган 3 президент тарабынан кол коюлуп, курулуш иштери 2009-жылы башталган. Жолдун 700 чакырымы Түркмөнстандын, 120 чакырымы Казакстандын, калган бөлүгү Ирандын аймагында. 
Калыкбек Султанов 5-декабрда Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тармактык министрлеринин кезектеги жыйынына катышары айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан