Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу "Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Экономика министри Темир Сариев бул мыйзам долбоору менен айрым мыйзамдарда орун алып келген карама-каршылыктар жоюларын айтты. Аталган мыйзам менен ички рынокту тескөөнү жөнгө салып, тышкы рынокко чыгып жаткан баанын ички рыноктон кем болбоосуна жетишүү керектиги айтылды.
“Экспорттолуучу продукциянын баасы продукция экспорттолуп жаткан өлкөдөгү сурамга жана сунушка байланыштуу түзүлөт. Мындай учурда атаандаштык чөйрөгө байланыштуу тез өзгөрүшү мүмкүн жана атаандаштыктын шарттарында рынокто ээленген орунду жоготууга жол берөө үчүн экспортёр баалардын деңгээли тууралуу оперативдүү чечимди кабыл алышы керек”,- дейт министр.