Экология көйгөйү: Кыргызстанга эски дөңгөлөктөрдү киргизүүгө тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанга автоунаалардын өтө эски дөңгөлөктөрүн киргизүүгө тыюу салуу сунушталууда. Мындай пикирди парламенттин 4-декабрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирип, бул боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги чара көрүшү керектигин айтты. 
"Эски дөңгөлөктөр абага зыяндуу зат бөлүп чыгарат. Азыр базарга барсаң таптакыр жараксыз абалдагы дөңгөлөктөрдү эптеп сатышууда. Буларга чектөө койбосок болбойт, эртең Бажы биримдигине кирсек, эски дөңгөлөктөрдү Орусиядан оптом алып келе башташат",- деди депутат. 
Аталган агенттиктин башчысы Сабир Атажанов бул маселе буга чейин эле көтөрүлгөнүн, бирок мурунку чакырылыштагы парламенттин депутаттары четке кагып коюшканын айтты. 
"Элге кыйын болуп калат" дешип депутаттар мыйзам долбооруна вето коюп коюшкан. Негизи, сырттан келген дөңгөлөктөрдүн протектору 2,5 миллиметрден кем болбосун деген норма бар. Жараксыз дөңгөлөктөрдү өлкөгө киргизбөө демилгесин колдойм, муну биргеликте ишке ашырабыз. Бирок базардагы жараксыз дөңгөлөктөрдүн баары эле сырттан келгендер эмес да, өзүбүздөгү дөңгөлөктөр да бар",- деп билдирди Атажанов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан