Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун жаңылоо иштери убактылуу токтотулду. Муну парламенттин 4-декабрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Жыйында депутаттар өкмөт өкүлүнөн Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурашты. Турдубаев бир катар турбогенераторлорду жана от казан агрегаттарын оңдоо иштери токтотулганын, буга кыш мезгилинин кирип келиши себеп болгонун айтты.