Парламент комитети "чиновниктер бизнес-класс менен учпасын" деген чечим чыгарат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети жакында "чиновниктер бизнес-класс менен учпасын" деген чечим чыгарат. Муну 4-декабрда "Парламент" радиосундагы маегинде аталган комитеттин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев билдирди. "Кыргызстандын ички учууларында бизнес-класс жок, баарыбыз эконом-класс менен учабыз. Ал эми чет мамлекетке чыкканда сөзсүз эконом-класстан пайдаланыш керек. Жакында бул маселени карап, "аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бизнес-класс менен учууга болбойт" деген чечим чыгарабыз",- деп билдирди. 
Депутат бюджеттик каражатты үнөмдөө үчүн мамлекеттик органдарда кызматтык орундардын санын кыскартуу зарылдыгын белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан