Жогорку Кеңеште 4-декабрда “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун максаты - эл аралык келишимдер боюнча Кыргызстандын улуттук милдеттенмелерин аткаруунун алкагында атмосфералык абаны коргоо боюнча мамлекеттик саясатты күчөтүү. Долбоор муздаткыч техниканы, кондиционерлерди, өрт өчүрүүчү каражаттарды жана озон бузуучу заттарды камтыган башка продукцияны оңдогон же пайдаланган жана аларды каттоого алууга жана атмосферага терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү болгон жеке жана юридикалык жактардын ишин жөнгө салууга арналат.
Депутаттар аталган мыйзам долбоорун 2-окуудан добуш берүүгө жиберишти.