Кыргызстан менен Орусиянын салыкчылары өлкөнүн Бажы союзуна кирүү даярдыгын талкуулашты

Кыргызстан менен Орусиянын салык кызматкерлери Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү даярдыгын талкуулашты. Муну 4-декабрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Семинарга Евразиялык экономикалык комиссиянын каржылык саясат департаментинин өкүлдөрү катышканы да айтылды. Орусиялык салыкчылар Бажы союзуна кирүүдөн кийин өзгөрүүчү бир катар маселелер боюнча кыргыз кесиптештерине маалымат беришкен. 

Алардын айтымдарында, кыргызстандык салык кызматкерлерин алдыда чоң иштер күтүп турат, биримдикке кошулгандан кийин Бажы кызматынын бир катар функциялары салык органдарына өткөрүлүп берилет.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов Бажы биримдигине кирүүдөн салык төлөөчүлөр чочулабашы керектигин айтат. “Биздин өлкөнүн Бажы союзуна кирүүдөгү артыкчылыктарынын бири – товарлардын эркин айланып калуусу. Товарлар биримдиктеги өлкөлөргө тынымсыз кирип-чыгып турат, азыркыдай бажы тоскоолдуктары болбойт. Мындан башка да артыкчылыктар бар”,- деди Абдыкаимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан