Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумунда чыгарылганына 7 жылдан ашкан Кыргызстандагы автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Сайдулла Нышанов бул аракет кайрадан элдин нааразычылыгын жаратарын айтып, сунушка каршы чыкты. “Кыргызстанда автоунаалардын 90 пайызы 7 жылдан ашкан унаалар. Мыйзам ар бирибизге керек, бирок азырынча эртелик кылат. Мүмкүн 5 жылдан кийин колдосок болот. Мисалы, Баткенден же Нарындан келе жаткан автоунаалар ээлерин техникалык кароодон өткөрбөдүң деп токтото берип элди кыйнап жиберебиз”, - деди Нышанов.