КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү маалымат министрлеринин 10-конференциясына катышууда. Бул тууралуу 4-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Ислам өлкөсүндө тынчтык орнотууда медианын салымы" аталышындагы маалымат министрлеринин Ислам конференциясынын сессиясы кечээ Ирандын борбор калаасында башталган.
Эл аралык форумга Азия жана Африкадагы 22 өлкөдөн өкүлдөр катышып жатат. Кыргыз делегациясынын курамында маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова жана Массалык коммуникация жана маалымат департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева бар.
Конференциянын максаты - өз өлкөсүндө маалыматтык саясатты көзөмөлдөөчү органдардын кызматташтыгын бекемдөө.