Унааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасын кайра киргизүүчү мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Заводдон чыкканына 7 жылдан ашкан Кыргызстандагы автоунаалар мындан ары техникалык кароодон өткөрүлөт. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-декабрдагы жыйынында карап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберди. Демилгечи депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, бул мыйзам аркылуу автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү талабы коюлууда. Анткени Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө ушундай талап бар. "Жаңы автоунаалар 7 жылга чейин техникалык кароодон өткөрүлбөйт, ал эми андан ашкандары жыл сайын өтүп турат. Себеби Кыргызстанда автокырсыктардын саны кыйла өсүп кетти, бузулган машиналар экологияны булгап жатат",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан