Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасы кайрадан иштей баштаса, тармакта коррупцияны пайда кылат. Муну 4-декабрда депутат Данияр Тербишалиев чыкканына 7 жылдан ашкан унааларды техникалык кароодон өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда айтты. Анын айтымында, өкмөт кайрадан коррупцияга жол бергени жатат. “Мындай талап мурда болгон, бирок өкмөт техникалык кароо жаатындагы чаралар коррупциялашып кеткендигин айтканы үчүн кайра алып салганбыз. Бүгүн кайрадан сунушталууда. Демек, өкмөт кайрадан коррупцияга жол ачып жатат”,- дейт Тербишалиев.