Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына барды. Муну президенттик аппараттан билдиришти. Иш сапарынын алкагында мамлекет башчы аталган өлкөнүн жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. Мындан ары президент Катар өлкөсүнө расмий иш сапары менен барары күтүлүүдө.