2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда бир катар кемчиликтер бар. Муну депутат Курманбек Дыйканбаев 4-декабрда "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди. Депутаттын айтымында, биринчи кезекте Бажы биримдигине тиешелүү бюджеттик мамилелер такталбай турат.
"Биринчиден, анын бюджетке таасири кандай болот, азырынча белгисиз. Экинчиден, бюджетте доллардын курсу 53,5 сом болуп түзүлгөн, азыр 58 сом. Дагы өзгөрсө кандай болот? Үчүнчүдөн, тышкы карыздар 60 пайыздан ашпашы керек. Доллардын кунунун өсүүсү буга да терс таасирин тийгизет. Муну өкмөт эске алышы керек. Азыр доллар куну туруктуу болбогондуктан, айрым тармактарга насыя алууну убактылуу токтото туруу зарыл”,- дейт Дыйканбаев.