Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-декабрда биринчи окуудан өткөрдү. Документке депутаттардын көпчүлүгү макулдук беришти. Демилгечилер мындай чектөө аргасыздык экенин, анткени өлкөдөгү автокырсыктардын көбү оң рулдуу унаалардын катышуусунда болуп жатканын айтышкан эле. Мыйзам экинчи жана үчүнчү окуудан өтүшү керек. Мындан кийин президент кол коёт. Мыйзам кол коюлган күндөн 6 айдан кийин иштеп баштайт. Айта кетсек, каршы чыккандарга караганда мындай демилгени колдогондор көбүрөөк болууда. Каршы тарап "Сол рулдуу унаанын баалары кымбат, карапайым элге кыйын болот. Мындай кадамга барууга азырынча эрте" деген пикирди карманышса, колдогондор "адам өмүрү баарынан кымбат, жол кырсыктарынын көбү ушундай унаалардын айынын болууда" дешүүдө.