Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын элчилигин түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жарлыкка бүгүн, 4-декабрда кол коюлду. Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттары менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:

Абу-Даби шаарында жайгаштыруу менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын элчилиги уюштурулсун.

Кыргызстандын өкмөтүнө:

- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан