Баткенде 8 миң сомдук көмүрдү 11 миң сомдон сатып жаткандар аныкталды

Тийиштүү мамлекеттик органдар 3-декабрда Баткен шаарындагы көмүр саткан түйүндөрдү текшерип, жыйынтыгында айрым ишкерлер 1 тонна көмүрдү 11 миң сомдон сатып жатканы аныкталды. Муну бүгүн, 4-декабрда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. Баткен шаарында БК үлгүсүндөгү көмүрдүн баасын өкмөт 8330 сом деп бекиткен. 
Ж.Абдыжапаров жана С.Тайланов деген ишкерлер Сүлүктү көмүрүнүн тоннасын 10 миң сомдон, А.Курбанов жана К.Мергенов аттуу ишкерлер Алай көмүрүнүн тоннасын 8 миң сомдон (7 миң сомдон сатылышы керек), П.Назаров деген ишкер Сүлүктү көмүрүнүн тоннасын 11 миң сомдон сатып жатканы аныкталды. Фактылар боюнча тийиштүү чара көрүлүп, ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан