Мамлекеттик кадр кызматы 2015-жылдын 1-декабрынан тартып кезектеги декларациялык кампанияны баштоого даярдык көрүүдө. Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин декларациялоого кам көрүү ишинин алкагында мекеме 4-декабрда семинар өткөрдү. Семинарга кызматкерлердин кирешелерин декларациялоого жооптуу кызматкерлер катышып, аларга 2015-жыл боюнча декларациялык документти толтуруунун жол-жобосу, бул жааттагы мыйзамдын нормалары, декларанттардын тизмесин түзүү тартиби боюнча кенен түшүндүрмөлөр берилгени айтылды. Мындай иштер 9-декабрга чейин улантылмакчы.