Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы менен жолугушту

Бүгүн, 4-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий сапарынын алкагында Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заид аль-Нахайян менен Мушриф ак сарайында жолугушту.

Жолугушууда соода-экономикалык, укук коргоо жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-эмираттык мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы менен ханзаада эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, Кыргызстан менен БАЭ бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилешти.

Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Кыргызстандын президентинин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы Абу-Дабиге алгачкы ирет расмий сапары кыргыз-эмираттык кызматташуусуна бекем негиз түзөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан