Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков 4-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айылдык кеңештердин төрагалары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту. Спикер аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүүдө жана өлкөнүн өнүгүшүнө жардамдашууда жергиликтүү бийликтин мааниси зор экенин белгиледи. “Өлкө жетекчилиги жарандардын, жергиликтүү коомчулуктун колдоосусуз реформаларды жүргүзүүдө ийгиликтүү натыйжаларга жете албайт. Биз бардык чөйрөлөрдө бирдиктүү жана уюшулган иш жүргүзүшүбүз керек”,- деп билдирди.
2015-жылы парламенттик шайлоолорду ачык өткөрүү милдети турганын айткан спикер: “Ачык-айкындуулук камсыздала турган жаңы технологияларды колдонуу менен парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландаштырылып жатат”,- деп кошумчалады.
Өзгөндүк депутаттар социалдык мекемелерди куруу, жер тилкелерин бөлүштүрүү, дыйкандарды айыл чарба техникалары жана жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселелери боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Алар мектептерде китептердин жетишсиздиги менен жеринде чыккан маселелерди чечүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгүн күчөтүү зарылдыгын белгилешти.