4-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары, БАЭнин президентинин иштери боюнча министр, шейх Мансур бин Заид аль-Нахайян менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган экономикалык кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды. Президенттик аппарат билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында маалымат берди. “Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуунун, биринчи кезекте экономика тармагындагы кызматташуунун жаңы этабына киришүүбүз керек”,- деди мамлекет башчы.
Шейх Мансур бин Заид аль-Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү, ишкерлер чөйрөсү Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыкдар экенин белгиледи. Тактап айтканда, транспорт жана логистика, кайра иштетүү жана айыл чарба өндүрүш тармактарындагы долбоорлорго кызыгуу жаралып жаткандыгын айтты.
Тараптардын сүйлөшүүсүндө Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы жакында Кыргызстанга барып, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей турганы белгилүү болду.