Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери парламент менен таанышышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери 4-декабрда парламент менен таанышышты. Алгач Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан студенттерди бул күнү депутат Абдыманап Кутушев кабыл алып, пикир алышты. Кутушев студенттерге Жогорку Кеңеш учурда ачык-айкын мамлекеттик орган экенин белгилеп: “Биздин ишмердүүлүк боюнча бардык маалыматтарды коомчулукка сунуштаганга аракеттенип жатабыз”,- деп билдирди. Кыргызстан Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик башкаруудагы өлкө болгондугуна байланыштуу ачыктык орун алып жатканын кошумчалады. “Авторитардык режимдерден айырмаланып, биздин өлкөдө өкмөт баарынан мурда элдин алдында жооптуу, калк - мамлекеттик бийликтин булагы”,- дейт Кутушев.

Студенттер депутатты академияга барып лекция окуп берүүгө чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан