Тышкы иштер министрлиги: Стамбулда Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата өтчү иш-чара токтотулган жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат булактарындагы "Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун айынан Стамбул шаарында Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата өтчү иш-чара токтотулду" деген кабар туура эмес экенин билдирет. Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, 21-ноябрда Стамбул шаарындагы "Панорама" музейинин жооптуу кызматкерлери менен жолугушуу болуп, ага Кыргызстандын аталган шаардагы башкы консулу Ренат Түлөбердиев жана башкалар катышканын, музейдин жамааты 14-декабрда Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара уюштурганы жатканын маалымдаган. Башкы консул демилгени колдой турганын, аны токтотуу боюнча маселе көтөрбөгөнүн билдирет ТИМ. "Түлөбердиев 2015-жылы Ч.Айтматов боюнча биргелешкен иш-чараларды, спектакль, мектеп окуучулары жана жаш сүрөтчүлөр арасында жазуучунун чыгармалары боюнча сынак уюштурууну сунуштаган",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан