Кыргызстандагы электр энергиясынын өздүк баасы жана жарыкты үнөмдөө жолдору (инфографика)

Кыргызстанда электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат иштей баштады. Өкмөт өлкө электр энергиясын импорттоону баштаганын, кышында свет өчүрүүлөрдү болтурбоо чарасы көрүлүп жатканын билдирүүдө. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кампаниясынын алкагында электр энергиясынын өздүк баасы жана электр кубатын үнөмдүү пайдалануу боюнча өкмөт төмөнкү инфографиканы жарыялады.  
Жаңы тарифтер боюнча электр кубаты төмөнкүдөй эсептелет: Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1105 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 05 тыйын = 615 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 405 сомго кымбат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан