Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн күнөөлүү жарандарды камчы менен жазалоо нормасын киргизүү сунушуна Юстиция министрлиги каршы. Министрлик дене жазасы институтун киргизүү Конституцияга каршы келе турганын 5-декабрда билдирди.
"Дене жазасы институту кайсы бир формада Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары декларациясына жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактка да карама-каршы келет. Буга байланыштуу тийиштүү нормалардын бузулушуна жол бербөө үчүн Юстиция министрлиги дене жазасы институтун киргизүүнү туура эмес деп эсептейт, анткени мындай жаза анда адамдын кадыр-баркын кордоо болуп саналат",- деп билдирет министрлик.
Эскерте кетсек, парламенттин өткөн жыйындарынын биринде Бекешев өлкөдөгү түрмөлөр толуп калганына байланыштуу айрым кылмышкерлерге камчы менен жаза берүүнү сунуштап чыккан эле. "Сингапурдун тажрыйбасына көңүл бурсак, ал жерде уурдоо, алдамчылык, бейбаштык үчүн дене жазасы каралган. Мисалы, жол эрежесин бузган адамды 5 жолу камчы менен урушат. Биздин адистер, өкмөт жана парламент бул сунушту карап чыгышы керек",- деген Бекешев.