Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев “Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын спортко терс таасири тийип жатат” деп билдирди “Республика” фракциясынын 5-декабрдагы отурумунда. Жыйында спорт тармагын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн пландары угулууда. Осмоналиевдин айтымында, кыргыз спортунун өнүгүшү жыл сайын артка кетип жатат.
“Мен кайсы жерге барбайын, бийлик башчыларына биринчи кезекте спорт көйгөйлөрүн чечип бергиле деп айтып келем. Спортту мурдагы калыпка салуу үчүн кадр маселесин чечиш керек. Татыктуу кадр болмоюнча спорт эч качан алдыга чыкпайт. Бийлик алмашкан сайын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилери да алмашып жатат. Жарым жыл иштетип, алмаштыра бергенде эмне чечилет? Жарым жыл иштегендердин кимиси мелдеште биринчиликке жооп берет? Ошон үчүн бийликтин алмашуусу бизге да терс таасир берип жатат. Жетекчини алмаштырууну биздин эркибизге койсоңуздар жакшы болмок. Биз тандап алып, иштей албаса, өзүбүз көзүн чукуп алмакпыз”,- деди Осмоналиев.