Жогорку Кеңеш өлкөдөгү автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасын кайра иштетүү демилгесин 2-окууда четке какты. Муну мыйзам долбоорунун демилгечиси Курмантай Абдиев SUPER.KG порталына тастыктап, демилгени депутаттардын көбү колдобой койгонун билдирди. "Коопсуздук үчүн заводдон чыгарылганына 7 жылдан ашкан автоунааларды жыл сайын техникалык кароодон өткөрүп турууну демилгеледим эле, бирок өтпөй калды. Демек, бул маселе мурункудай бойдон кала берет",- деди депутат.
Парламенттин тармактык комитетинин өкүлү: "Жеке жактар автоунааларын техникалык кароодон кааласа өткөрөт, каалабаса өткөрбөйт. Мурункудай бойдон калды. Юридикалык жактардын балансындагы жүргүнчү ташуучу, жүк жана жүргүнчү ташуучу жана оор жүк ташуучу, атайын жана кооптуу жүктөрдү ташуучу автоунаалар техникалык кароодон өтүп турууга милдеттүү",- деп билдирди.