Соцфонд: Кыргызстандагы пенсионерлердин 57 пайызы 4408 сом пенсия алат

Кыргызстанда учурда 30га жакын адам 50-60 миң сомдун тегерегинде пенсия алат. Муну бүгүн, 5-декабрда Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйынында билдирип, акыркы 3 жылда пенсиянын көлөмү 22 пайызга жогорулаганын айтты. Айтымында, пенсиянын орточо көлөмү учурда 4600 сом. "Кыргызстандагы пенсионерлердин 57 пайызы жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөнкү өлчөмдө же 4408 сом пенсия алышат. Пенсиянын минималдык чени 2 миң сом, жогорку чеги 100 миң сом. 100 миң сомдук пенсияны бир гана адам алат. Айына 50-60 миң сом пенсия алган жарандар убагында камсыздандыруу төлөмдөрүнө ири суммада акча төккөндөр жана өзгөчө эмгеги сиңгендер. Аз пенсия алгандар убагында эмгек стажы жазылбай иштегендер",- деди Абылгазиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан