Кыргызстанда табигый кырсыктан жабыркагандарга бөлүнчү 200 миң сомдук ссуданын көлөмүн көбөйтүү керек. Мындай демилгени “Ата Журт” фракциясынын депутаттары 5-декабрдагы жыйынында өкмөткө сунуш кылышты. Жыйында Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жана аларды жоюу боюнча иш-аракеттери тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөө боюнча 5 жумушчу топ иш жүргүзүп жатканын айтты.
Депутат Надира Нарматова Мамлекеттик каттоо кызматына жер титирөөдөн жабыркагандардын үйлөрүнүн документтерин өзүнүн эсебинен тез арада бүтүрүп берүүнү сунуштады. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 6 жылдан бери жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга 1 миллиард 800 миллион сомго жакын акча бериле электигин билдирип, бул карыздар 2017-жылга чейин берилерин кошумчалады.