Депутаттар спортчулардын көйгөйүн Алмазбек Атамбаев менен бирге талкуулоону сунушташты

Бишкекте жакында спорт көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн жыйын өтөт. Мындай чечим "Республика" фракциясынын 5-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Анда өлкөдөгү спорт тармагындагы каржы маселеси, спортчулардын статусун жогорулатуу жагы талкууланат. Депутат Чолпон Султанбекова жыйынга мамлекет башчыны да чакыруу сунушун киргизди. "Спорт тармагы акыркы учурда эң абройлуу болууда. Бирок Кыргызстанда спортко мамлекет жетекчилери көңүл бурбай жатышат. Биз жыйын өткөрсөк, президент Алмазбек Атамбаевдин да катышуусун суранышыбыз керек. Менимче, ал киши баш тартпайт",- деди Султанбекова. 
Жыйынды уюштуруу ишин фракция өз жоопкерчилигине алды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан