Бүгүн, 5-декабрда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында КДСП фракциясынын депутаттары ата-энеси жок, туугандарынын колунда жашаган 54 балага, Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жакыр жашаган үй-бүлөлөргө көмүр таратып, райондогу майып балдарга арабаларды тапшырышты. Ошондой эле эл өкүлдөрү Тоңдогу жер титирөөдөн зыянга учураган үйлөрдү, мектеп имаратын кыдырып чыгышты.
Учурда Ысык-Көл облусунда жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу фракциянын көчмө жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетов, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Каржы, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышууда.