Энергетика министрлиги 70 тыйындан берилчү 700 киловатт электр энергиясы боюнча билдирүү жасады

Энергетика жана өнөр жай министрлиги абоненттерге 70 тыйындан берилчү 700 киловатт-саат электр энергиясы боюнча билдирүү жасады. Айта кетсек, 11-декабрдан баштап жаңы тарифтер күчүнө кирип, абонент электр кубатын эки түрдүү баада пайдаланат. Мисалы, 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1105 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 05 тыйын = 615 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 405 сомго кымбат. 
Энергетика министрлиги "Юнисон" электр кубатын колдонуучулардын укугун коргоо коомдук уюмунун координатору Жаныбек Кулумбетовдун "калк орточо эсеп менен айына 600-1200 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланат" деген маалыматына макул эмес. Эксперт буга чейинки билдирүүсүндө 2012-жылкы изилдөөгө таянып "Талас облусу кышында пайдаланган электр энергиясынын орточо көлөмү 1200 киловатт, Нарында 1076 киловатт, эң төмөнкү норма Баткенде: 600 киловатт" деген эле.  
Өкмөт сунуштаган 700 киловатт деген көлөм жөн жерден алынбаганын, эл пайдаланган электр кубатынын орточо көлөмүнө (үйдү электр менен жылытууну кошпогондо) негизделгени айтылды. Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймактарында электр энергиясын пайдалануунун орточо көлөмү төмөнкүдөй (бир абонент үчүн):
Нарын облусу - 601 киловатт-саат;
Ысык-Көл облусу - 604 киловатт-саат;
Баткен облусу - 520 киловатт-саат;
Ош облусу - 490 киловатт-саат;
Жалал-Абад облусу - 585 киловатт-саат;
Чүй облусу - 983 киловатт-саат;
Талас облусу - 994 киловатт-саат;
Ош шаары - 796 киловатт-саат;
Бишкек шаары - 787 киловатт-саат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан