Кыргыз делегациясы Швейцарияда өтүп жаткан Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышууда

КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов баш болгон кыргыз делегациясы Швейцариянын Базель шаарында өтүп жаткан 21-Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу 5-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага ЕККУга мүчө 57 мамлекет жана Азия менен Африкадан 11 өлкө катышууда. Жыйындын алкагында кыйноолор, террорчулук, коррупция, куралдарды көзөмөлдөө, адам уурдоо, Украинадагы коомдук-саясий окуялар талкууланат. Кыргыз делегациясы Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынан сырткары аталган уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан