"Ата Мекен" жана "Ар-намыс" партиялары кийинки парламенттик шайлоого бирге барбайт. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 5-декабрда “Ата Мекен” партиясынын басма сөз катчысы Ильич Кулназаров билдирди. Кулназаров “эки партия биригип, парламенттик шайлоого бирге барат” деген маалыматтарды четке какты.
"Жакында партия лидери Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясы "Ар-намыс" менен бирикпейт, бул ушак. Биз шайлоого чейин жана шайлоодон кийин да эч бир партия менен чогуу болойбуз" деп билдирди",- деди Кулназаров.