Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 5-декабрда парламенттин 10-11-декабрдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти. 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча кезектеги мыйзам долбоорлорунун пакетин 3-окууда кароо пландалууда. Бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору да каралмакчы.
Жогорку Кеңештин депутаттары 11-декабрда 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоорун 3-окууда талкуулашат. Мындан тышкары парламент жыйынында “Кыргызстандагы кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Патент мыйзамы”, “КРнын ички иштер органдары тууралуу” мыйзамдарга жана ошондой эле Жарандык жана Кылмыш кодекстерине түзөтүү киргизүү маселеси каралат.