Дарыгерлердин билим деңгээли жана кесиптик этикасы парламенттин тийиштүү комитетинде каралат

Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын 5-декабрдагы форумунда калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү маселеси талкууланды. Форум депутат Айнуру Алтыбаеванын төрагалыгы астында өтүп, жыйынга депутаттар Бөдөш Мамырова, Наталья Никитенко, Майрамкүл Тиленчиева жана башкалар катышканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Депутаттар катышуучуларга өклөдөгү бир катар медициналык мекемелерди текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Ооруканалардагы эмерек жана медициналык жабдуулардын жетишсиздиги, күчтүү дарыгерлердин азайып бара жатканы, эне жана баланын өлүмү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды тарбиялап жаткан энелерге жөлөк пул чыгарып берүү маселеси боюнча кеңири талкуу болду.
Айрым айтылган көйгөйлөр 2015-жыл боюнча республикалык бюджетте каралганы белгиленип, жыйынтыгында дарыгерлердин билим деңгээлин жана кесиптик этикасын парламенттин тийиштүү комитетинде кароо чечими кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан