Кыргызстанда 2014-жылы 1 койду же эчкини бруцеллёзго каршы эмдөөгө 6 сомдон бөлүнгөн. Муну бүгүн, 5-декабрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул багыттагы иштерге жалпы 10 миллион сомдой акча бөлүнгөн. Жыл башынан бери 1,7 миллион кой-эчкиге эмдөө жасалды. Дагы 1,6 миллион сом Социалдык фондго төлөнүп берилген.
"План боюнча вакцинаны жасоо 2 миллион баш майда малга эсептелген, башкача айтканда, бул кампания дээрлик аяктады. Кой-эчкилерди дарылоо Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын көзөмөлүндө ишке ашат",- деп билдирет министрлик.