Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 5-декабрда БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын Качкындар иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Йоханн Сиффоантты кабыл алды. Маматалиев өкүлчүлүк башчысына көп жылдан берки кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буларды айтты:
"Кыргызстан Жогорку комиссар башкармалыгынын качкындар иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн өлкөдөгү ишмердүүлүгүн жогору баалайт. Качкындардын укугун коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүдө жана 2010-жылкы Июнь окуясынан кийин түштүк облустардын калкына гуманитардык жардам көрсөтүүдөгү сиздин салымыңыз баа жеткис".
Жолугушуу жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен аталган башкармалыктын кызматташтыгын мындан ары да активдештирүү зарыл экендигин белгилешти.