Таласта көмүрдү дүң өткөрүүнүн чектик баасы аныкталды

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча өкмөттүн 4-ноябрдагы токтомун аткаруунун негизинде, Талас облусундагы көмүрдү дүңүнөн сатуучу ЖЧК, чекене сатуучу ишкерлерлерге жана Казакстандын Тараз шаарынан көмүр ташуучуларга көмүрдүн чектик деңгээли (баасы) белгиленди. Бүгүнкү күнгө сатуучулар арасында буйруктун көчүрмөлөрү колдоруна берилип, ошондой эле мындан ары коюлган чектик баага жараша иш алып баруулары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муну бүгүн, 5-декабрда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. 
"Мындан тышкары өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги токтомунун негизинде, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Чүй-Талас башкармалыгынын Талас облустук бөлүмүнө жана Мамлекеттик салык кызматынын шаар жана райондук башкармалыктарына отун базаларында көмүрдүн дүң өткөрүү бааларына жана чекене бааларына көзөмөл жүргүзүү милдети жүктөлдү",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан