Жогорку Кеңеш өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин саткандардын жазасын күчөтүүчү мыйзам кабыл алды. Документке ылайык, сатуучу кардардын жашы шек туудурган учурда андан паспорт суроого милдеттүү. Эгер жашы жете элек жарандарга алкоголдуу ичимдиктерди сатса, 5000 сом айып төлөйт. Мындан тышкары алкоголдук ичимдикти жарнамалоо убактысы кыскарат. Буга чейин алкоголдук продукцияларды саат 22:00дөн баштап 06:00гө чейин жарнамалоого уруксат берилип келсе, жаңы мыйзамда бул убакыт саат 00:00дөн 06:00гө чейин деп белгиленүүдө. Мыйзамды бузгандар үчүн айып пулдун төлөмү жогорулатылат.
Мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилет.