Франциянын президенти Франсуа Олланд 5-декабрь күнү Казакстанга иш сапары менен келди. Президент Нурсултан Назарбаев Франция лидери менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлганын Казакстандын маалымат булактары жарыялашты. Кол коюлган документтердин катарында илимий, энергетикалык, тоо лыжа туризми, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы макулдашуу жана меморандумдар бар. Олланд Франция Казакстанга товар экспорттоонун көлөмүн көбөйтө турганын билдирди.