Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов 2013-жылы негизги иш ордунан 463 миң сом киреше тапкан. Муну экс-мэр жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Мырзакматов 2012-жылы 502 369 сом киреше тапканын билдирген. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 2013-жылы 405 миң сом киреше тапканын көрсөттү документте.
Айта кетсек, чиновниктердин декларация тапшыруу нормасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору сунушталууда. Жаңы документке ылайык, мындан ары саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматта иштегендер, район, облус башчылары, шаардык кеңештин төрагалары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери декларация тапшырууга өтүшөт.