Адам укуктары боюнча парламент комитети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча жыйын өткөрөт

12-декабрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети Бишкекте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Кыргызстандын мыйзамдарындагы нормаларды ишке ашыруу” темасында тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо менен жергиликтүү калкка сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн керек болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды кошо берүү, башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Конституциянын нормаларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан