Кожобек Рыспаев: "Банк күрөөгө коюлган мүлктү ээсинен тартып алгандан кийин 3 эмес, 2 жылдын ичинде сатышы керек"

"Банк күрөөгө коюлган мүлктү ээсинен тартып алгандан кийин 3 эмес, 2 жылдын ичинде сатышы керек". Мындай пикирди депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында банктардын ишине тийиштүү мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. Депутаттын айтымында, мындай чара мамлекет үчүн пайдалуу. “Банктар насыя алуучу тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү азыркыдай 3 жыл эмес, 2 жылдын ичинде сатышы керектигин сунуштап жатабыз. Мүлктү жарандардан тартып алганы аз келгенсип, банк мүлктү 3 жыл салык төлөбөй кармап жатат. Насыя алган жаран акчасын төлөй албай, күрөөдөгү мүлкүн банкка тарттырып жиберсе, банк мүлктүн тагдырын 2 жылдын ичинде чечиши керек",- деди Рыспаев. 

Мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан