Марадона Венесуэла президенти сүйлөп жатканда уктап калып, өзү тууралуу айтылган сөздү укпай калды

Белгилүү футболчу Диего Марадона 9-декабрда Венесуэладагы расмий иш-чаралардын биринде уктап кетип, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Чет элдик маалымат булактары билдиргендей, Венесуэла президенти Николас Мадуро сүйлөп жаткан учурда ардактуу коноктор отурган жайда аталган футболчунун көзү илинип кеткен.
Мадуро өз сөзүндө 54 жаштагы спортчуну тобокелчил жана революционер деп атады. "Биздин арабызда тобокелчил жана өмүр талаасынын феномени, ал эми футбол талаасында андан ашкан феномен отурат. Бул ойлордун талаасына да тийиштүү, анткени бул адам - революционер. Кеп Диего Марадона жөнүндө болуп жатат",- деп билдирген өлкө президенти. 
Уктап кеткен Марадона бул сөздөрдү укпай калган. Арт жагында отурган бирөө аны түрткүлөп ойготууга үлгүргөнү айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан