Эл аралык уюмдарда иштеген Кыргызстандын жарандары салык төлөөгө жана аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-декабрда талкуулап, 3-окууда добуш берүүгө жөнөттү. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин билдиришинче, тийиштүү документте дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, БУУнун өкүлчүлүктөрүнө жана анын кызматкерлерине карата бир катар артыкчылыктар менен жеңилдиктер каралган. Баш мыйзамга ылайык, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүндө иштеген Кыргызстандын жарандары салык төлөөгө жана аскердик милдеттерин өтөөгө милдеттүү.