Жогорку Кеңеште 10-декабрда Талас шаарын суу менен камсыздоо тармагын каржылоо жаатындагы эл аралык эки макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралды. Аталган эки макулдашуунун негизинде Талас шаарынын таза суу менен камсыз кылуу системинин жабдууларын алмаштырууга 3,9 миллион евро суммасында грант жана 2 миллион евро көлөмүндө жеңилдетилген насыя берилет. Жеңилдетилген насыя каражаты 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен каралмакчы, мунун алгачкы 3 жылы – төлөмсүз мөөнөт.
Мындан тышкары Дүйнөлүк экологиялык фондунун, жаратылыш өзгөрүү фонду тарабынан техникалык кызматташтык үчүн 0,9 миллион евро грант берилмекчи.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.