Кыргызстанда жер үлүштөрүн убактылуу пайдаланууга берүү мөөнөтү кыскартылууда

Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы отурумунда Кыргызстанда жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин карамагында турган айыл чарба, турак жай куруу багытындагы жер тилкелеринин ижара мөөнөтүн кыскартууну көздөйт. Ага ылайык, айыл чарба багытындагы кайрак жерлерди ижарага берүү мөөнөтү 10 жылга, сугат жерлерди берүү 5 жылга кыскартылууда. Бул мөөнөттөр бүткөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүндүгү белгиленген. 

“Мындай түзөтүүлөр келечекте азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн сугат жерлерди сактап калуу жана чаржайыт жаңы конуштардын салынышын чектөө максатында киргизилип жатат”,- дейт демилгечи. Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан