Каржы министрлиги зер буюмдар рыногундагы коррупцияны жоготуу аракетин көрүүдө

Баалуу металлдар жана зер буюмдар рыногун жөнгө салуудагы коррупцияны жоготуу боюнча иштей турган мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тууралуу өкмөттүн буйругунун долбоору даярдалууда. Муну бүгүн, 10-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындай демилге Каржы министрлигинде башкаруунун коррупцияга каршы моделин киргизүүнүн алкагында ишке ашырылганы жатканы айтылды.

"Модель баалуу металлдарга жана зер буюмдарга белги салуу жана аларды сынап көрүү стандарттарын иштеп чыгууну көздөйт. Заманбап баалуу металлдар жана асыл таштар базарынын өнүгүүсү, ошондой эле Бажы биримдигине Кыргызстандын кирүүсү ГОСТ ИСО-МЭК-17.025-2009 стандарты боюнча лабораторияларды аккредитациялоо жолу менен эл аралык стандартка өтүүнү талап кылат. Эл аралык тажрыйбада белгилүү болгондой, аккредитацияланган лабораторияларга элдин жана бүтүндөй коомдун ишеничи чоң",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан