Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунда коррупциялык тобокелчиликтерди изилдөө жана жоюу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлөт. Муну аталган министрликтен 10-декабрда кабарлашты.
Жумушчу топ аталган фонддун 2013-жылкы ишмердүүлүгү боюнча Эсептөө палатасынын актысын изилдеп-иликтейт, чарба жүргүзүүчү субъекттердин фондго бересеси боюнча түшүндүрмөлөрдү карап чыгат.
Каржы министрлиги учурда карызы барларга шарттарды бузуу менен ссудаларды жана насыяларды берүүгө тыюу салуу жагында “КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан сакталышы боюнча чараларды көрүү жаатында иш жүргүзүп жатканы айтылды.