Кыргызстанда быйылкы жылдын 8 айында уюлдук байланыш компанияларынын абоненттеринин 50 пайызы SIM-карталарын каттоодон өткөрүштү. Муну бүгүн, 10-декабрда Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди. Агенттик акыркы айдарда SIM-карталарын каттоодон өткөргөн жарандардын саны арбып жатат.
Эскерте кетсек, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамга ылайык, уюлдук байланыш операторлору менен абоненттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы эрежелери киргизилген. Буга байланыштуу өлкөдөгү бардык абоненттер 2015-жылдын март айына чейин өздөрүнүн операторлорунда номерлерин каттоодон өткөрүшү керек. Каттоодон өткөрүлбөгөн SIM-карталар аталган убакыттан кийин автоматтык түрдө иштен чыгарылат.